"Жунда" заводунун жетекчилиги ишкананын Профсоюз комитетинин башчысын иштен мыйзамсыз айдаган

Жайыл райондук соту "Жунда" заводунун Профсоюз комитетинин башчысы Жанайдар Ахметов иштен мыйзамсыз алынган" деген чечим чыгарды. Маалыматты 9-мартта Тоо-кен иштетүү профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирип, аталган кызматкер кайра ишке орношуп, ага ишсиз жүргөн мезгилиндеги эмгек акысы төлөнөрүн айтты.

Маалыматка таянсак, Ахметов 2015-жылдын 29-августунда "кызматтык милдеттерин бир нече жолу бузду, сырды ачты" деп иштен айдалган. "Иш жүзүндө Жанайдар Ахметов профсоюз уюмун түзүп, заводдо иштеген кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын укугун коргогону үчүн иштен алынган",- дейт Тажибаев.

Кыргыз мамлекетине келген инвестор оор жумуштарды аткарып, компанияга киреше алып келип жаткан жергиликтүү жарандарды урматташы керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан