Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко ички иштер министри Мелис Турганбаевди "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссиянын курамы тууралуу катуу сүйлөгөнү үчүн сындады.
"ИИМдин башчысы "Республика - Ата Журт" фракциясынын акыркы жыйынында "аталган долбоор боюнча тендердик комиссиянын курамында соттолгон жана компетенттүү эмес адамдар болгон" деп катуу айткан. Эмнеге эгер ИИМдин ичиндеги кызматкерлер тендердин жыйынтыгы боюнча өз оюн айтышса, кызматтан бошотулуп жатышат? Башкы прокуратура муну тергеп чыгышы керек",- деди депутат.
"Ички иштер министрлиги өкмөттүн курамында, бирок өкмөт бир позицияда турса, министр карама-каршы пикирде турууда. Мындай болбош керек. Мындай көрүнүш өкмөттөгү тартипсиздикти көрсөтөт. Премьер-министр бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүп, баа бериши зарыл. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу керек. Тендерлерди уюштурууга канчалаган каражат кетип, мамлекеттин бюджетине зыян келтирилди",- деди Никитенко.