Ишембиликте депутаттарга арыктарды тазалоого аскерлер жардам беришет

12-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Бишкектеги Ботаникалык сейил багында өтөт. "Буга чейин депутат Зиядин Жамалдинов депутаттар отургузган көчөттөр өспөй жатканын айткан. Ошондуктан биз тазалоо иштерин жасайбыз, арыктарды тазалайбыз. Бизге аскерлер жардам беришет",- деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан