Эльмира Ибраимова Эсептөө палатасынын башчылыгынан бошотулду

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-мартта өз арызынын негизинде Эльмира Ибраимованы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.

Ибраимова аталган мекемени 2012-жылдын 10-ноябрынан бери жетектеп келген.

Жетекчи болуп дайындалганга чейин Ибраимованы Эсептөө палатасынын аудитору кызматына бекитүүдө V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ага катуу сындарды айтышкан.

Ошол кездеги депутат Турсунбай Бакир уулу: "Эльмира айым, мен бетке айтам, өз учурундагы "Ак жол" партиясынын аскеримин. Бакиевдерден буйрук келмейинче эч нерсе аткарбайм" деген сөзүңүз эсиңизде бардыр. Эсептөө палатасына принципиалдуу адам барышы керек. Мен сиздин талапкерлигиңизге каршымын",- десе, башка депутат Исмаил Исаков: "Мен Эльмира айым менен Убактылуу өкмөттүн учурунда иштегем, урматтайм. Бирок Каркыраны ким сатты эле? Эртең кылган ишибизге жооп бергидей бололу",- деп чыккан. Ал эми жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен анын талапкерлиги өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан