Ахматбек Келдибеков судьяга флешка жана диск берди. Судья албай койду

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Келдибеков тиешелүү видеоматериалдарды соттук материалдарга кошуу максатында төрагалык кылган судьяга тапшырды.

«Бул флешкада жана дискте видеожазуулар бар. Флешкада биринчи инстанциядагы бардык соттук отурумдардын жазуулары сакталган. Дискте мен Жогорку Кеңештин төрагасы болгон учурдагы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Борис Грызлов менен жолугушуум бар»,- деп түшүндүрдү Келдибеков.

Судьялар коллегиясы бул боюнча макулдашышып, флешка менен дискти соттук материалдарга кошпоону чечишти. Учурда жарыш сөз жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан