Прокурор Ахматбек Келдибековду 10 жылга түрмөгө отургузууну суранды

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурумда жарыш сөз башталды. Анын жүрүшүндө прокурор Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, А.Келдибеков Салык кызматындагы иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө колониясына камакка алынышы керек. "Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу иши боюнча айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылышы керек. Ошентип, жазаларды жарым-жартылай толуктоо жолу менен Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранам",- деди прокурор.

Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан