Ахматбек Келдибеков судьяга флешка жана дискти берип, бирок сот аны материалдарга кошпоо чечимин чыгарды

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Келдибеков тиешелүү видеоматериалдарды соттук материалдарга кошууну сунуштап, жыйынга төрагалык кылып жаткан судьяга тапшырды.

"Бул флешкада жана дискте видеожазуулар бар. Флешкада биринчи инстанциядагы бардык соттук отурумдардын жазуулары сакталган. Дискте мен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганымда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Борис Грызлов менен жолугушуум бар",- деп түшүндүрдү Келдибеков.

Соттук коллегия бул боюнча макулдашышып, флешка менен дискти соттук материалдарга кошпоону чечишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан