Адвокат: "Ахматбек Келдибековдун эч кандай күнөөсү жок, ал толук акталышы керек"

"Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков бир да эпизод боюнча күнөөлүү эмес, ал толук акталышы керек",- деп бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда жарыш сөздө А.Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина соттук коллегиядан суранды.

Анын айтымында, Салык кызматына байланыштуу эпизод боюнча А.Келдибековдун иш-аракеттеринен мамлекетке зыян келтирилген эмес. "Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнө байланыштуу эпизод боюнча да Келдибековдун күнөөсү жок. Анткени аталган өкүлчүлүктү ачуу боюнча токтомду Келдибеков жалгыз бекиткен эмес, бардык депутаттар добуш берүү аркылуу бекитишкен. Келдибеков парламенттин төрагасы кызматында катардагы депутаттай эле бир добуш бере алат. Ошондуктан анын эч кандай күнөөсү жок. Мындан улам биринчи инстанциядагы соттун биринчи эпизод боюнча чечими күчүндө калсын, экинчи эпизод боюнча чечими жокко чыгарылсын",- деп суранды адвокат.

Буга чейин жарыш сөздө прокурор А.Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан