Айыл өкмөт башчыларынын орун басарларын дайындоо тартиби такталууда

Кыргыз мамлекетинде айыл өкмөт башчыларынын орун басарларын дайындоо тартиби такталууда. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаев 10-мартта “Парламент” радиосундагы маегинде маалымат берди.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жөнүндө жобого өзгөртүү киргизилет. Бул кызмат орду административдик муниципалдык кызмат ордуна кирет. Буга чейин айыл өкмөт башчылары менен бир мезгилде кызматка дайындалып келген анын орун басарлары, эгер айыл өкмөт башчысы мөөнөтүнөн мурда иштен кете турган болсо, анын орун басары дагы кетиш керек деген маселе жаралып, түшүнбөстүктөр орун алган. Азыр ушул чырлуу суроонун так жообун табуу зарылчылыгы жаралууда”,- дейт Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан