Тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымовдун “Супер-Инфо” гезитине бүгүн, 11-март күнү жарыяланган президент Алмазбек Атамбаевдин ата теги тууралуу макаласы эзелтен өз тарыхын жана санжырасын билүүгө ынтызар журтчулугубузду кызыктырып, ар кандай талкууларды жаратты. Бул иликтөө өткөн аптада “Азаттык” сайтына да жарыяланган эле.
- Кыяс Сатарович, качан жана кандай себептерден улам президенттин ата тегин изилдөөгө киришип калдыңыз?
- Мамлекет башчысынын ата тегинин келип чыгышынын тарыхын жана турмушун иликтөө иштери 2013-жылдын аягынан башталып, 2015-жылдын соңуна дейре уланып, ага 2 жылдай убакыт короттум.
Кыргыздан чыккан тарыхый инсандар жөнүндө архивди казып-карап чыгуу мени дайыма кызыктырчу. Мурдараак, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге чейин Кокон хандыгынын тарыхын жазган Зиябиддин Максым жана өзбек акыны деп жазылып келген акын Молдо Калбектин ата-теги кыргыз экенин таап чыккан элем. Ушундай иликтөөлөрдөн кийин президент Алмазбек Атамбаевдин тегин иликтеп жүрүп, аягында бышырып, элге жарыяладым. Анын чоң аталарынын бири Баткенден Чүй өрөөнүнө жер которуп келген экен. Ал кезде элибиз аймак-аймакка бөлүнбөй азыркы кыргыз жеринин аймагында эркин көчүп-конуп жүрүшкөн. Ошондуктан мен “Манас” эпосундагы “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө” деген сөздү өз эмгегимдин эң башкы натыйжасы деп эсептейм.
- Кыскача айта кетсеңиз, сиз Алмазбек Атамбаевдин кайсы аталарынын тарыхын жана турмушун изилдедиңиз?
- Биринчиден, иликтөөдө Кокон хандыгынын учурундагы кыргыздардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири тууралуу, өтө сейрек кездешкен Шамават деген ысымды алып жүргөн инсан жөнүндө кеп болот.
Ал эми чоң-каралык аксакалдардын жана айдаркендик Рахман абанын айтымында, Баткенден Чүйгө жер которуп келген Шаманын өз аты Шамават. Ноорузбай шам мезгилинде наристелүү болуп, уулунун ысымын Шамават койгон. Шамават деген ысым эки бөлүктөн турат. “Шам” – кечке жуук деген маанини, ал эми “ават” гүлдөп-өнүккөн деген түшүнүктү билдирет. Чүйдө жашап калганда анын Шамават аты Шам, Шама деп кыскартылып айтылып калган.
Андан ары Шамаваттын (Шаманын) урпактары: анын уулу Атамбай, Атамбайдын баласы Ысак, Ысактан туулган Шаршен жөнүндө кеп болот. Шаршенден азыркы президент Алмазбек Атамбаев.
Макаланы толугу менен "Супер-Инфо" гезитинин бүгүн, 11-мартта чыккан санынан окуй аласыздар.