"Ошто 2010-жылкы баш аламандыктан кийин бөлүнгөн жерибизди шаар бийлиги документтештирип бербей жатат",- деп билдирди бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Ош шаарынын жашоочусу Зууракан Атирова. Анын айтымында, өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, шаар жетекчилиги шаарда каттоосу жок жарандарга жер берилбей турганын айтып жатыптыр.
"Эми ошол Бакиевдин тушундагы токтомду өзгөртүп, биздин жерибизди мыйзамдаштырып койсо болот эле да. Биз башка мамлекеттин адамдарыбызбы? Тополоңдон кийин, 2011-жылы Жапалак айылынын үстү жагындагы Кең-Сай аймагынан 3800 адамга 8 сотуктан жер беришкен. Таш төгүп, үй курууга даярданып калган элек. Ошондон бери токтом чыгарып бербей жатат. Төккөн ташыбызды көрүнгөн келип ташып кетти. Чыркыраган бойдон кала беребизби? Ушуну айтып чыксак, "булардын жаны тынбады" деп кайра бизди жаман көрүшөт. Үнүбүз жогору жактагыларга жетип, жерибизди мыйзамдаштырып берсе жакшы болор эле",- дейт Зууракан айым.
Ош шаарынын жашоочусу каттоосу айылда экенин, шаарга каттоого туруу түйшүгү көп экенин айтууда.