Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев иш сапары менен Кытайда болду. Бул тууралуу аталган дирекциядан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Султан Раев кытайлык кесиптештери, тарыхчылар жана окумуштуулар менен жолугушту. Анын жүрүшүндө "Кыргыз тарыхы кытай жазууларында" аттуу кытай окумуштуулары авторлук кылган китептин бет ачары болуп өттү. Басылманын авторлорунун айтымында, кыргыздар тууралуу, айрыкча кыргыз каганаты жөнүндө кытай жазууларында биздин заманга чейинки 525-жылда жазылган.
"Кыргыз каганаты Барсбектин башкаруусунан кийин башталган деген тарыхчылар үчүн бул факт буга чейин белгисиз болуп келген. Бирок кытай окумуштуулары каганат ага чейин эле болгонун далилдеп жатышат",- деп белгиледи Султан Раев.
Кыргыз тарап бул уникалдуу басылманы кыргыз жана орус тилине которуу аракеттерин баштады. Ошондой эле бул жылы Кытайдан келген окумуштуулардын катышуусунда илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү пландалууда.