Өлкө аймагында былтыр 29 миңден ашык кылмыш катталган, алардын 13 пайызын аялдар жасашкан

Өлкө аймагында былтыр 29 миңден ашык кылмыш катталган, алардын 13 пайызын аялдар жасашкан. Муну бүгүн маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы катталган кылмыштардын төрттөн бир бөлүгүн 18-24 жаштагылар, 40 пайызын 30-49 жаштагылар жана 6 пайызын жашы жете электер жасаган.

Акыркы 5 жылда кылмыштуулуктун деңгээли азайган. Мисалы, былтыр укук бузуу 2011-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга кыскарган. Эң көп кылмыш Бишкекте катталып, жалпы көрсөткүчтүн 37 пайызын түзгөн. Ал эми эң аз катталган кылмыштуулук Нарын облусунда 2 пайыз жана Талас облусунда 2,5 пайыз болгон.

Катталган кылмыштардын 62 пайызы же 18 миңи экономикалык тармакка байланыштуу. Коомдук коопсуздук боюнча көрсөткүч 18 пайызды түзөт. Анын 90 пайызын бейбаштык фактылары ээлейт. Мамлекеттик бийликке каршы 3 миң кылмыш катталып, ал жалпы көрсөткүчтүн 9 пайызына барабар. Алардын 38 пайызы кызматтык кылмыш, 44 пайызы башкаруу тартибине каршы, 12 пайызын адилеттүүлүккө каршы жасалган кылмыштар түзөт”,- деди Сооромбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан