Өкмөт жооп берет: Декретке кеткен мугалимдин ордуна иштедим, ал келген соң кайра жумуштан чыгарып коюу туурабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен 2 жыл иштеп, анан диплом алышым керек эле, бирок туруктуу жумуш жок, декретке кеткен мугалимдин ордуна бир мектепте январдан майга чейин иштедим. Келишим бүтүп, жайкы каникулдан соң башка бир мектепте так эле ушундай келишим менен сентябрдан декабрга чейин иштедим. Азыр жумушсузмун. Дипломумду алышым керек болуп жатат. Ал үчүн эмне кылам, себеби эмгек китепчени да карашат экен. Ошондой эле мени башка мугалимдин ордуна алып, ал келген соң кайра чыгарып коюшканы туурабы? Суроо калтырган Siren90

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлунда бекитилген №296, №519-токтомдорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто окуу жайларында педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү, жаш адистердин бөлүнгөн жеринде максаттуу иштеп кетүүсү үчүн шарт түзүү, жардам көрсөтүү жана жалпы билим берүүчү мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөргө ар жыл сайын мамлекеттик бөлүштүрүү жүргүзөт.

Эгер сиз бюджеттик негизде окууну аяктаган болсоңуз, колуңузда министрлик берген жолдомо болушу керек. Жолдомодо мектеп, район, кесибиңиз толук жазылышы жана кайсы учурда бөлүнгөн жерге баруу тууралуу толук жазылган. Бир себептер менен учурунда бара албай калган болсоңуз, райондук билим берүү бөлүмүнө же болбосо министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө кайрылышыңыз зарыл.

2 жыл иштегенден кийин гана дипломуңузду алууга укугуңуз бар. Убактылуу декрет учурундагы бирөөнүн ордунда иштеп жаткан болсоңуз, ал мугалим келгенде бошотуп берүүңүз керек.

Кайрылууда адистигиңиз жазылбаптыр, ошондуктан орунду белгилөө мүмкүн болбой жаткандыгын маалымдайбыз.

Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle_3
2016-03-11 17:12:14
Министрлик алдап жөнөттүп коет окшойт. Мени да 2 жыл отработка кылгандан кийин сертификатыңы аласың деген. Мен жолдонмо боюнча барып, ишке киргенден кийин сертификатты алдым. Бирок саламат.сактоо министрлиги депозит бериш керек эле, 7 ай болду иштегениме . Депозиттен кабар жок, сурасам конкурс боло элек дейт.
Жолдонмо боюнча жөнөтүп жатса, шарттардын толук аткарылуусун талап кылгыла.
+2
dubai
2016-03-12 01:06:09
Rifle_3,сиз кайсы специальностту тандадыныз эле?ординатура отконсузбу ?
0
Shef87
2016-03-11 19:06:26
бул жерде силер окуган окуу жайдын атайын болуму акча тилеп отурат кандай тушунбойсунор 5жуз же минди коргозсонор эле берет дипломду эч кандай эмгек китепчени текшербейт
+3
Aidai5555
2016-03-12 08:33:56
Мен да бюджеттик негизде окугам, Сосновкага (Чүй) бөлүнгөм. Мен ал жакка барган жокмун, шаарда эле иштеп, 2 жылдан кийин алгам. Бирок мектепте иштегеним тууралуу справка, анан пакет жасап баргам (вино, короб.шоколад болуш керек эле))) Дароо эле беришкен.
0
Aidai5555
2016-03-12 08:37:51
Эгер эки жыл боло элек болсо бербеши мүмкүн, бирок окуу жайга барып дипломдун көчүрмөсүн сурап алсаңыз болот. Аны талап кылган жер ошол көчүрмөнү кабыл алууга тийиш, ал жак билиши керек, мамлекеттин бул чечими тууралуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан