Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү менен "Манас" Эл аралык аэропортун байланыштырган жолдун бир тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Оңдоп-түзөө иштери 22-февралда жанданган. Аэропорттон кабарлашкандай, учурда жолдун чыгыш тарабы жабылды.
Аэропорт жетекчилиги жарандарды каттоого туруу үчүн эртерээк жолго чыгууну суранат.