Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Күйөөм менен ажырашканыма 6 жыл болду, бирок ал кызыма алимент төлөбөйт. Кызымдын фамилиясын атасыныкынан өзүмдүкүнө кантип котортсом болот? Ага эч кандай доом жок, кызымдын менин фамилияма өтүшүнө ал да каршы эмес. Суроо калтырган Nazgul83.
Жооп: - Кызыңыздын фамилиясын өзүңүздүкүнө котортуш үчүн 16 жашка толо элек болсо, күйөөңүздүн нотариус аркылуу макулдугун алып, жашаган жериңиздеги Жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнө (ЗАГС) кайрылыңыз. Ал эми 16га толгон болсо, кыз өзү арызы менен кайрылат. Эгерде күйөөңүздүн жашаган жери белгисиз болуп таппасаңыз, сот аркылуу "белгисиз жоголгон" деген чечим чыгартып барышыңыз керек.
Суроого Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматчылары жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.