Кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург дагы бир операцияны 13 мүнөттө жасап рекорд койду

Жүрөккө операция жасоо татаал операциялардын бири болуп саналат. Анын убактысы 30 мүнөттөн 14 саатка чейин созулушу мүмкүн. Буга чейин светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург, өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси, профессор Калдарбек Абдраманов дагы бир кооптуу операцияны кечээ, 10-мартта 13 мүнөттө аягына чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына профессор билдирди. Анын окуучуларынын айтымында, бул операция өлкөбүздө эң кыска мөөнөттө жасалып, рекорд койгон.

"Жүрөк хирургиясында негизги этап деген бар. Бул операциянын баштан-аяк жүрүшү эмес. Жүрөктү токтоткондон баштап дарылоо иштерин жасап, жүрөктү иштеткенге чейинки учур айтылат. Кезектеги жүрөккө операция жасоонун негизги этабы 13 мүнөттү түздү. 3 кемтиги бар жүрөккө татаал операция кыска убакытта жасалганы өлкөбүздө биринчи жолу болгонун айтып жатышат. Мен өзүм кызыгып бул тууралуу изилдеп көргөн жокмун. Биз болушунча негизги этапты кыскартууга аракет кылабыз, себеби операция канча кыска убакыттын ичинде жасалса, бейтап ошончолук бат өзүнө келет. Бишкекте иштеп жүргөндө 15 мүнөттө жасаган элек. Анда бейтаптын бир эле жүрөк кемтиги бар болчу. Азыр болсо 3 кемтиги бар бейтапка операцияны 13 мүнөттө жасаганыбызга кубанып жатабыз. Дүйнөлүк практикада мындай операция 30 мүнөттө жасалат экен. Бул жеке менин эле ийгилигим эмес, операцияга катышкан 8-10 адамдын, команданын ийгилиги, профессионалдуулуктун туу чокусу",- дейт хирург.

"3 жылдан бери менин жанымда иштеп жаткан команда алмашкан жок, андыктан жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканыбызда алардын да үлүшү чоң. Андан сырткары ооруканага Бишкекте жок кан айландыруучу жана башка миллион долларлык жаңы керектүү аппараттар коюлган. Аппараттар светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасалгандан кийин орнотулган. Бул нерселер да биздин жакшы, сапаттуу иштөөбүзгө чоң салымын кошуп жатышат",- деп билдирди Абдраманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
makemake1979
2016-03-11 23:23:42
Бар болгула
+3
isko-nookat
2016-03-11 23:33:43
дагы бироосу чыксын.мен 12 минутада жасайм деп олтуруп алгыла эми
-5
makemake1979
2016-03-12 00:12:45
isko-nookat,биринчи эмгегин сыйла экинчи сакалын сыйла учунчу озун не кылдын эл учун бироо учун ошону ойло
+7
nazira1989
2016-03-12 00:13:26
Азыр эле 7-каналдын жанылыктарынан коруп отурдум эле доктордун озунун берген интервюсун...Аллахым колдосун.Ишинизге ийгилик.
+5
nurik2103
2016-03-12 00:25:16
кайчы пайчы калып калбадыбы шашылып
-5
Ayida
2016-03-12 07:32:52
Калдарбек Абдраманов бар болунуз!Омурунуз узун болсун!Ден соолугунуз чын болсун!Ар дайым ийгилик коштоп журсун!Артыныздан сиздей хирургтар коп болсун!Элге кылган жакшылыгынызды Аллахым кабыл кылып сооп жазсын сизге!Уй булоонуз менен эки дуйно бактылуу болунуз!
+3
DUNI
2016-03-12 08:24:55
Кылмыш ишин козгоду элего,светтин очконуно карабай опперация жасады деп. биздин карапайым калк учун куйуп иштеген прокуратурабыз.
+2
murat_12
2016-03-13 02:21:19
DUNI, эртен ошо хирургту камап коюшпаса эле болду неге свет жокто жасайсын деп. Свет очургондор кунолу эмес деп
0
huriza
2016-03-12 10:08:32
Iwinizge iigilik.
+1
Kuba-savai87
2016-03-12 10:20:23
Азамат ушундай хирургтар олкобуздо кобойо берсин
+1
murat_12
2016-03-13 02:22:41
Kuba-savai87, Светибиз очпосун. ХХХ айткан беле свет олкобуз деп
0
admin_portal
2016-03-14 15:12:01
murat_12 - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Rasul_Rahmanaliev
2016-03-12 11:44:56
Адам омурун сактап жатасыздар баракелде!!кардиологдор бар болгула
+3
Svoboda83
2016-03-12 14:21:23
Азаматтар
+1
talgatosh
2016-03-12 17:37:06
Азамат аллахым ушул врачтын жолун ар дайым ачык кылгын оомин.
+1
sely
2016-03-12 23:13:14
Эмгегиниз м.н элге тааныла баштадыныз азаматсыз кооптуусу эми бут тосуулар башталбаса эле болду
0
Fatima2016
2016-03-12 23:16:07
Аябай жакшы кабар жакшы сакайып кетсин
0
Aytur
2016-03-13 01:21:50
Аай иий жакшы жанылык экен!
Деминизге дем кучунузго куч кошулуп, дагы да адам омурун сактап журо бериниз!
0
murat_12
2016-03-13 02:23:52
светин акчасы кымбаат, 2.60 тыйын, мурда 0.75 тыйын эле,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан