Былтыр Баткен облусунда 9177 гектар жер айдалбай калган. Бул тууралуу 11-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, аталган аянттар Баткен районунда 568 гектар, Кадамжайда 1923 гектар, Лейлекте 6269 гектар, Баткен шаарында 322 гектар, Кызыл-Кыяда 121 гектарды ээлейт. Эгилбей калган жерлерди изилдеп чыкканда, анын ичинен сугат жер 391 гектар, кайрак 889 гектар болуп чыккан. Бул тилкелердин 168 гектарын шор суу баскан, 1521 гектар жерге суу жетишпейт, 3769 гектар жер экономикалык жактан пайдасыз, 3719 гектар - алыскы таштанды жерлер.
Облус бийлиги жакын арада бул жерлерди инвентариязациядан өткөрүүнү көздөөдө. Анткени документ түрүндө эгилет делген жерлер иш жүзүндө жараксыз болгону айтылууда.