Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 13-15-март аралыгында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-15-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөп, үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатат.
2016-жылдын 11-12-мартында абанын жогору температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка - Ак-Таш
(1-10-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин өткөн аптадагы санында "Эмнени эксеңиз сата аласыз?" деген макала жарыяланган. Анда өсүмдүктү үшүктөн сактоо жолдору да жазылган. Макаланы толук бойдон бул жактан окуй аласыз.