Өкмөт 11-марттагы жыйынында 2016-2020-жылдарга Электрондук саламаттык сактоо программасын бекитти.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, аталган программа жарандарга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун негизинде аларга жеткиликтүү медициналык көмөк көрсөтүүнү жана жеке каттоого алууну киргизүү максатында сунушталууда.
“Дүйнөдө көптөн бери эле электрондук саламаттык сактоо тутуму пайдаланылат. Бизде болсо маалымат кол мен жыйналат, кээде каталар кетирилет. Натыйжада көйгөйлөр келип чыгат. Электрондук саламаттык сактоо тутумуна өтүү ар кыл кагаздарды толтурууда ишти жеңилдетип, калкты медициналык тейлөөнү тездетет жана жарандарга медициналык көмөк көрсөтүүдө жеке каттоого алууну киргизүүгө шарт түзөт”,- деди министр.