Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарындагы Ботаникалык сейил багында ишембилик өтүүдө. Анда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт аппаратынын, президенттик администрациянын, парламенттин аппаратынын кызматкерлери катышууда. Жалпысынан иш-чарага 500гө жакын адам келди. Ишембиликте көчөт отургузуу, тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.