Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Ботаникалык сейил багында президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн тышкы карызы боюнча пикирин айтты.
"Өлкөбүздүн тышкы карызы чоң, дагы карыз алганы жатат" деп бизди сындашууда. Бирок дүйнөдө насыя ала албаган мамлекеттер бар. Өлкөбүзгө насыя берип жатканы - туруктуулуктун белгиси. Биз ар убакта ар кандай көлөмдө насыя ала алабыз, бирок албаганга аракет кылабыз. Эгер алсак, инфраструктуралык долбоорлор үчүн гана алабыз. Мисалы, жолдорду курууга алсак болот, анткени аймакта жаңы салынган жол ошол аймактын деңгээлин көтөрөт. Орусия бизге насыя эмес, жардам катары 500 миллион доллар бөлүп берди. Ушундан пайдаланышыбыз керек. Биздин жеке ишкерлер, дыйкандар мындай көлөмдө насыя эч качан алышкан эмес. Насыяларды аз көлөмдөгү пайыз менен 10-15 жылга беришибиз керек. Ошондо бир нече жылдан кийин пайдасын көрө алабыз",- деди өлкө башчы.