Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери бүгүн, 12-мартта ишембиликке чыгышты. Мекемеден билдиришкендей, аппарат кызматкерлерин министр Кудайберген Базарбаев жетектеп, министрликке караштуу аймакты тазалашты.
"Бүгүнкү ишембиликке борбордук аппараттын кызматкерлери эле эмес, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндө иштегендер да чыгышты. Алар дагы өздөрүнүн мекемесине тийиштүү аймактарды тазалап, имараттарын жыйнап, иретке келтирип жатышат",- деди Базарбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы Ботаникалык бакчада президент, премьер-министр, спикер баштаган жогорку бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда массалык ишембилик өтүүдө.