Темир Сариев парламентте айткан сөзү үчүн министр Мелис Турганбаевге чара көрүлөрүн айтты

Премьер-министр Темир Сариев өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз кызматташып, мыйзамдарды даярдоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин 11-марттагы өкмөт жыйынында билдирди.

Сариев парламентте өкмөт даярдаган мыйзам долбоорлоруна сын айтылып жатканын, ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку Кеңеште өкмөт кабыл алган чечимге каршы маалымат бергенин жана мындай абалдын жаралышына жол бербөө керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы бул кырдаал боюнча атайын иликтөө болорун жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү баа берилерин маалымдады. "Конкреттүү маселелер боюнча өкмөттүн фактыга таянган негиздүү, ынанымдуу бирдиктүү позициясы болушу керек. Жогорку Кеңештин жыйындарына мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн расмий өкүлү катары дайындалган жетекчи жана адистерди жиберүү керек",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан