Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Маданият жана туризм министрлигинин имаратынын алдында славян элинин Масленица майрамына карата иш-чара болуп өттү. Ага кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчиси Андрей Крутько, Мекендештер гильдиясынын ассоциациясынын төрайымы Любовь Ардамина катышты.
"Бул жылы кыргыз жергесинде жаз ысык болчудай, бул мезгил баарыңарга ийгилик алып келсин. Маанайыңар ар дайым жаздай ачык болсун",- деп каалоолорун айтып кетти элчи. Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасына Орусиянын президентинин келери күтүлүп жатканын кошумчалады.
"Жаз майрамыңар менен куттуктайм, кымбаттуу бишкектиктер! Эртең Кечирилген жекшемби, андыктан бири-бириңерден кечирим суроону унутпагыла. Баарыңарга жакшы маанай каалайм",- деди Ардамина.
Иш-чара концерттик программа жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, Масленица майрамы тууралуу көп маалыматтар айтылды. Кичинекей тургундар оюндарга катышып, алардан улуулар ортого бийге түшүп, көтөрүңкү маанайда тарашты.
Масленица - славян элинин Улуу орозого чейинки салттуу майрамы. Аны өткөрүү ырым-жырымдарында славян мифологиясы сакталып келет. Негизинен 7 күн майрамдалат. Бул майрамдын так датасы жок. Аны белгилөө күнү Пасха майрамынын датасынан көз каранды. Масленицанын башкы атрибуттары - карачкы (чучело), куймак жана оюн-тамашалар. Майрамдын аягында Масленица карачкысын өрттөп, жакшы түшүм алуу үчүн күлүн айдоо талааларына себишкен.