Ысык-Көлдө табылган байыркы жаныбардын сөөгүн укук коргоо кызматкерлери кайтарууда. Табылга чыккан жер курчоого алынганын 13-мартта өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. Облус башчысы Асхат Акибаев ишти өз көзөмөлүнө алды.
"Байыркы жандыктын сөөгү Тарых жана маданият жылында табылганы символикалуу көрүнүш. Бул иш Ысык-Көл облусунун биологиялык өзгөчөлүгү жана климаты тууралуу жаңы маалыматтарды алууга мүмкүндүк берип, тарыхчылардын, археологдордун жана палеонтологдордун изилдөөсүнө жаңыча түрткү берери талашсыз",- деп билдирди Акибаев.
Белгилей кетсек, байыркы жандыктын баш сөөгүн жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунун аймагынан 10-мартта табышкан. Азыркы учурда аймакка Улуттук илимдер академиясынын жана тийиштүү органдардын өкүлдөрү барышары күтүлүүдө.