Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Салиева, Фрунзе, Целиноградск, Шуберт, Маяковский, Сеченов, Фере, Сыдыков көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Эне-Сай (1, 2, 6, 9,
10-көчөлөрүндө), Келечек (3, 6, 9 -13-көчөлөрүндө) конуштарында №144, 874, 699, 3019,
466-көмөк чордонунан, “Сельэлектро-2” көмөк чордонунан жана №287, 2363-көмөк чордонунан тараган 10/0,4 кВт аба электр чубалгылары оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 18:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка (Энергетиктер шаарчасындагы №13, 14, 15, Зелёная көчөсүндөү №5, Ленин чоң көчөсүндөгү №1, 2, 4-көп кабаттуу үйлөрдө), Маевка айылындагы (Восточная, Жаш Гвардия, Сельская, Строительная, Больничная, Школьная, Скворцов көчөлөрүндө), Кашка-Суу, Байтик, Таш-Дөбө, Малиновка, Мраморное, Озёрное, Лесхоз (МТФ-2), Төмөнкү Ала-Арча, Рассвет айылдарында. Сокулук районуна караштуу Новопавловка (Алтын-Ордо конушу) айылында, Лебединовская ГЭС, “Майская”, “25 лет Киргизии”, “Кашка-Суу”, “Рассвет” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.