Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

2016-жылдын 15-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кыргыз жеринин тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жогорудагы шашылыш билдирүүлөрдүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан