Өкмөт жооп берет: Бишкек шаарына катталуунун жолу кандай?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Бишкек шаарынан жарандык ал-абалдын актысын алдык. Балабыз №4-төрөтканада төрөлдү жана ал жерден балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк алдым. Эми баламды ай сайын педиатрга көрсөтүп туруу үчүн Бишкек шаарына туруктуу катталыш керек экен. Паспортум боюнча мен Казакстандын Астана шаарында катталгам, жарым казак паспортун алгам, учурда эки паспорт менен жүрөм. Келинчегим паспортун Жалал-Абаддын Аксы районунан алган. Бишкек шаарына катталуунун кандай жолу бар? Суроо калтырган besh-sary.

Жооп: - Сиз адегенде кайсы өлкөнүн жарандыгын аласыз, ошону такташыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, кыргыз жараны бир эле учурда чектеш өлкөнүн жараны боло албайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны болууну кааласаңыз, анда коңшу өлкөнүн жарандыгынан баш тартып, туруктуу же убактылуу каттоого турушуңуз зарыл. Ал эми Казакстандын жарандыгын тандасаңыз, анда КМШ-талону менен убактылуу каттоого турушуңуз абзел.

Сиздин сурооңузда айтылган "жарым жарандык" деген түшүнүк жок. Мүмкүн, сиз Казакстанда жашап турууга уруксат күбөлүгүн алгандырсыз. Ошондуктан бул маселени так жана туура чечиш үчүн колуңузда болгон документтерди алып, учурда жашап жаткан районуңуздагы Паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнө кайрылыңыз. Жубайыңыз дагы кааласа Аксы районунан каттоодон чыгып, Бишкек шаарына туруктуу же убактылуу каттоого турушу керек. Бул учурда, 2004-жылдын 4-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №886-токтому менен бекитилген жобонун 14-пунктуна ылайык, туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат. Каттоого туруу боюнча өздүгүңүздү тастыктаган документиңиз менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылууга укуктуусуз.

Суроого Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dav312
2016-03-14 17:50:45
Саламатсыздарбы менин суроом томондогудой биз бала багып алсак дегенбиз ага кандай документер керек жана кайда кайрылуу керек бизге айткандарына караганда бала багып алуу бекер дешет а балдар уйуно барсан дени сак баланы багып алуу учун кеминде 100 мин сом керектелет экен деге корупциясыз бала багып алууга болобу же созсуз акча беруу керекпи эгер бала багып алуу учун акча керек болбосо кайда кайрылууга боло?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан