Каракол жаштары жаратылышты сактоо үчүн

Жаздын алгачкы күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жапайы жаратылышты коргоо күнүнө карата “Жаштар жаратылышты сактоо үчүн” акциясы болуп өттү. Акциянын жүрүшүндө мектеп окуучулары шаардын сейил бактарында кара чыйырчыктарга 50 уя орнотуп, дагы бир бөлүгүн Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жалгыз Каракол зоопаркына тапшырышты. Иш-чараны «Джи-Кипер» коомдук бирикмеси ыктыярчылар менен биргеликте “Кумтөр Голд Компанинин” каржылык колдоосу менен уюштурган.

Акцияга 300дөй мектеп окуучусу катыштыШаардын 300дөй мектеп окуучусу өткөн айдын башында эле «Кумтөр» компаниясы мектептерге чыйырчыктарга уя жана жем аяк жасоо үчүн жыгач бөлүп бергенде акцияга биригишкен. Атүгүл кенже класстардын окуучулары арасында мыкты сүрөткө жана дубал гезитке сынак жарыяланып, жогорку класстардын окуучулары арасында «Stand-up» стилинде тамашалуу монологдордо күч сыноо сунушталган. Жеңүүчүлөрдү акциянын жүрүшүндө калыстар тобу аныктады.

Иш-чарага «Кызгалдак», «Dance for life» жана «KG Dance» бий топтору катышты. «Бир айыл – бир азык-түлүк» ассоциациясы конокторго өзүнүн экологиялык таза продукциясын сунуштаса, «Кумтөрдүн» кызматкерлери катышуучуларга компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтык материалдарды берип, сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырышты.

«Ысык-Көл облусундагы жаш муундун көңүлүн аймактагы экологиялык көйгөйлөргө буруу жана курчап турган чөйрөнүн абалы үчүн жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу үчүн мындай акцияларды дайыма өткөрүү зарыл",- деп белгиледи Каракол шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Акылсайра Жумабекова.

Акцияга катышкан окуучулар«Бул акция Каракол шаарында биринчи жолу өткөрүлүүдө жана ал салтка айланат деп ишенем. Аны өткөрүү жаш муун эле эмес, шаарыбыздын улуулары үчүн да экологиялык маданиятты өркүндөтүүгө өбөлгө болмокчу»,- деп белгиледи «Джи-Кипер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылай Аденова.

«Компания колдоого алган приоритеттүү багыттардын бири, албетте, курчап турган чөйрөнү коргоо. Биз бул акцияга салым кошууга кубанычтабыз, анын үстүнө балдарга берген чыйырчыктарга уя менен жем аяк жасоодо колдонгон жыгач калдыктары компания үчүн аларды утилдештирүүдө символикалуу болсо да жардам»,- деп белгиледи “Кумтөр Голд Компанинин” туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marik10
2016-03-14 20:48:55
ушундай сонун долбоорлорду олконун бут аймактарында кобойтушсо жерибиздин кулдоошу кучоп баштайт. 100% менен колдойм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан