Бишкекте мектептердеги жана бала бакчалардагы берилип жаткан тамак-аштардын сапаты жана санитардык нормалары текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, рейдге борбордун Билим берүү башкармалыгынын адистери жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышты.
“Текшерүүнүн жыйынтыгында тамак-аштарды уюштурууда санитардык нормалардын бузулушу азайганы байкалды. Балдарга берилип жаткан азык-түлүктөрдүн сапаты боюнча системдик көзөмөлдөө жүргүзүлүп, буга байланыштуу арыздануулар жок.
Тамак-аш уюштуруу департаменти жоюлгандан бери балдардын тамактануусунда көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Тамактанып жаткан балдарды жана азык-түлүктөрдү каттоо боюнча бирдиктүү форма иштелип чыкты. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн 2016-жылы ашкана ижарачылары арасында тендер өткөрүлүп, тиешелүү кызматтарды көрсөтүү боюнча жылдык механизм иштелип чыкты”,- деп айтылат маалыматта.