Ошто гаражда жашаган карыянын уулдарынын үйлөрү бар экени жана ага 4500 сом пенсия берилери аныкталды

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, Оштогу гараждардын биринде жашаган 90 жаштагы Зейнеп Абдыкадыровага Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан пенсия чегерилет. Себеби ал карыя ошол райондо катталган. Уулу Асылбек Турдукулов менен чогуу Ош шаарында турат. Уулунун үй-бүлөсү Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында, ошондой эле ал 4 баланын атасы экени маалым болду.

Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Зейнеп апа менен уулу жашаган гаражга бардык. Ал гаражды сатып алышкан экен, бирок ал жакка жашаганга болбойт. Жумабай Абдувалиев деген уулу бар, карыянын паспорту ошол уулунда экен. Ал эми Социалдык өнүгүү башкармалыгы карыяга жөлөк пул бере албайт, себеби ал өкмөттөн 4500 сом пенсия алат. Жумабай Абдувалиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө турат жана жер үлүшү, 5 бөлмөлүү үйү бар. Зейнеп апа "Бул жактагы базар бизге жакын, ошондуктан ушул жерде жашап жатам. Ден соолугум жакшы, эч кимге арызданган жокмун. Неберем экөөбүзгө шаардан бир бөлмөлүү батир беришсе, чыгып кетем" деп кетпей жатат".

Ал эми карыянын небереси Балтабай аларга эч кандай жардам кереги жок экенин билдирди. "Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бизге эч кандай жардамдын кереги жок",- дейт Балтабай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
lale82
2016-03-14 11:54:08
озунузго жакса жашай бериниз демекчибиз. мамлекетти жесе болот экен деп эле ...
+4
MENMINGO
2016-03-14 12:12:34
Ушу кантип болсун уят.
0
ediko85
2016-03-14 12:16:03
Ачкоз кемпир экен значит
+6
Adidas_91
2016-03-14 12:16:40
атын чыкпаса жер орто болуптурго биягы
+1
kuba502
2016-03-14 13:25:31
Жезкемпир деген каяктан чыгат
+1
ayildik_kiz
2016-03-14 13:49:24
Ушундай адамдардын айынан бири бирибизге болгон ишеним жоголот.
0
lolo.1
2016-03-14 14:16:20
Карыганда адам жаш бала кыял болуп калат дешетко
-2
bond0202
2016-03-14 14:39:49
карыган адамды алдап эле уйуно алып кетпейби,уят эле балдарына.
+2
Odik11
2016-03-14 14:52:40
Куттубек баягы балдардын энеси келдиби?
0
alhamdulillah
2016-03-14 15:20:30
Баласы келини карабаса керекда ,андан коро тынч озум жашайм деп чыгып кетсе керек , энени сыйла кара ынжыктыгын котор ,ал биз кичинебизде баарына чыдаган ,кулсок кулуп, ыйласак ыйлап,силер каарыган энени жез кемпир, ач коз деп уялбай айтып атасынар,эртен еле бизгеда каарылык келет эненин батасыда каргышыда тиет ,ата эне олгондо балага бата токтойт дубасын алайлы ата энебиздин.
+3
Ernis.Kadyraliev
2016-03-14 16:47:57
Келин балдары жакшы эле карайт болгону Апабыз эркелеп атса керек да
+1
more22
2016-03-14 16:50:54
''Балдарына рахмат'' кантип оз апасын жалгыз гаражда жашатат майли карып жаш бала кыял болуп калсада алдап солдоп уйуно алып кетпейби Ата энен чочко болуп калсада карашын керек себеби ал сенин Ата энен
+1
AlbertEnshtein
2016-03-14 17:32:40
Откондо кызга арызданды эле го. Паспортум, уйум эч нерсем жок деп. Эми болсо арызданбадым дейт. Анан бир жигит манты апарып берди эле... Кантип адамдар ушундай лицемерный болушат. Келини батырбаса айтмак да келиним жаман деп. Бул эне озу ушинтип гаражды кайтарып, аны шылтоолоп бекер батирлуу болгусу келген го. Жашы 90 до экенине да ишенбейм. Анда уулу 60жашта болуш керек. Эгер уулу 40 та болсо анда эне ал уулун 50 жашында торогонуно ишенбейм. Эне где то 70 тин тегерегинде го.
+2
Aikoo2014
2016-03-14 21:11:58
Мамлекеттен бир уй ондуруп алгысы келетго. Балдары озулоруно ток эле жашайт окшойтго.
+1
Nazikbaigazy
2016-03-15 00:12:59
Админ чырактай 2 баласын кочого таштап россияга кетип калган эне келдиби балдарын колго алдыбы кабарлап койгулачы
+1
admin_portal
2016-03-15 11:18:58
Nazikbaigazy, саламатсызбы!
Тактап, кабар бергенге аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан