Эртең, 15-мартта саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Тоголок Молдо” суу топтомундагы оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерине байланыштуу Манас кең көчөсү, Фрунзе жана Логвиненко көчөсү, ошондой эле темир жол линиясында таза суу берилбейт.
"Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат",- деп айтылат маалыматта.