12-мартта Бишкек шаарында Ботаникалык сейил багында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы ишембиликте жол эрежесин бузган КСДПдан ЖКнын депутаты Анвар Артыковго айып пул салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айып пул салган Жол-кайгуул милициясынын инспектору билдирди.
Анын айтымында, саат 12:00 чамасында аталган депутат автоунаасын токтотууга тыюу салынган жерге токтотуп койгон. "Депутат айдоочулук күбөлүгүн берип, унаасын айдап кетип калган. Ага карата протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык, 1000 сом айып пул салынды",- деди инспектор.
Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкек шаарындагы Ботаникалык сейил багында ишембилик өткөн. Анда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар, өкмөт аппаратынын, президенттик администрациянын, парламенттин аппаратынын кызматкерлери катышышкан. Жалпысынан иш-чарага 500гө жакын адам келген. Ишембиликте көчөттөр отургузулуп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.