Ысык-Көл аймагынан байыркы жаныбардын сөөгүн тапкан 28 жаштагы жергиликтүү тургун Канат Болотов SUPER.KG порталына табылганы кантип көрүп калгандыгы туурасында айтып берди.
“Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Орлиное айылында турабыз. Жездем жана куда балабыз мал кайтарып жүрүп Жыргалаң дарыясынын жээгиндеги жардан ак бир нерсе чыгып калганын 20-февралда эле байкашыптыр. Ага көп деле маани бербей жүрө берип, 10-мартта бир бөлүгүн бөлүп үйгө алып келип көрсөтүштү. Ошол күнү бул эмне болду экен деп барып, ал жерди күрөк менен казып көрдүк. Качан чоң жандыктын сөөгү экенин көргөндө этияттык менен анын бөлүктөрүн топурактан тазалап чыктык. Табылганы сүрөткө тартып, интернеттен кайсы жаныбарга тиешелүү болгонун карадык. Мамонт экенин болжолдоп, Улуттук академияга байланышка чыктык. Аларга сүрөтүн жибергенбиз, 14-мартта жообун билдиребиз дешкен.
Байыркы сөөк тууралуу биринчилерден болуп жергиликтүү телеканалдардын бири тартып кетти. Анан укук коргоо органдары келип, ал жердеги 20 сотукту курчап коюшту. Учурда сөөк табылган жерди 4 милиция кызматкери кайтарууда. Сөөктөрдүн бир бөлүгү биздин аба ырайынын шартына байланыштуу болуш керек, бырчаланып калды. Илимдер академиясынан окумуштуулар келери айтылган, күтүп жатабыз”,- деди Болотов.