Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Айжан Суранбекова жана Мээрим Мырзабекова үйлөрүнө кайтып барышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздар 11-март күнү жакындарына телефон аркылуу байланышка чыгышкан, бирок үйлөрүнө кайтып барышкан эмес. Ал эми 13-мартта курбулар үйлөрүнө кайтып барышкан. Учурда кыздардын бир жума бою кайда жүргөндөрү аныкталууда.
Айта кетсек, борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин 2 студент кызы 1 жума мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу маалыматты кыздын жакындары билдирип, аларды табууга жардам сурашкан.