Сот системинде жаңы институт түзүү сунушталып жатат. Бул багыттагы жаңы мыйзам долбоору бүгүн, 14-мартта "Ала-Арча" резиденциясында Сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында каралды. Сот аткаруучулар менен судьялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн институт түзүү зарылдыгы пайда болгонун КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлү айтты. Анын пикиринде, сот учурунда судьяларга карата коркутуу, орой мамиле жасоо күчөп жатат. "Ошондуктан алардын коопсуздугун камсыздоо керек. Сот аткаруучулар да чечимди аткаруу учурунда көптөгөн коркутууларга дуушар болушкан",- деди департамент өкүлү.
Мыйзам долбоору ишке ашса, 262 сакчы жумушка алынып, коопсуздукту карашмакчы. Бул үчүн 2016-жылдын бюджетинен 50 миллион сом каралган.