Кыргыз мамлекетинде Ысык-Көл аймагынан табылган байыркы жандыктын сөөгүн изилдей турган адис - палеонтолог жок. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун археология бөлүмүнүн жетекчиси Кадича Ташбаева билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинде байыркы жаныбарлардын калдыктарын изилдөө менен эч бир окумуштуу алектенбейт.
“Археологдор жаныбарлардын сөөктөрүн изилдешпейт, алар байыркы адамдарга тиешелүү нерселерди гана изилдеп келишет. Ысык-Көлдө табылган жаныбардын сөөгүн палеонтологдор карашы керек эле, тилекке каршы, өлкөбүздө андай адистик жок. Аргасыз Ысык-Көлгө биз барабыз. Учурда окумуштуулар Улуттук академиянын жетекчилиги тарабынан берилчү расмий уруксатты күтүп жатышат. Анан гана аймакка ким жана канча окумуштуу барары белгилүү болот”,- деди Ташбаева.