Быйыл республика боюнча 439,7 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтөт. Ага 937 миллион 776 миң сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Чүй облусунда 116 чакырым жол 230 миллион 945 миң сомго оңдолот.
“Аба ырайынын жагымдуу болушуна байланыштуу өлкөдө жолдорду оңдоп-түзөө иштери 2 жумага эрте башталды. Учурда 29 чакырым болгон Чоң-Арык - Жаратылыш сейил багы - Ала-Арча автоунаа жолунун 2,5 чакырымында аң-чуңкурларды бүтөө иштери өткөрүлдү. Мындан тышкары Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата жолунда аң-чуңкурларды бүтөө иштери 25-27-чакырымдарында аткарылды. Ушундай эле жумуштар Сокулук - Белогорка – 0-18 чакырым, Сокулук-Камышановка – 0-12 чакырым, Романовка-Камышановка унаа жолунун 0-14-чакырымдарында жана Чүй облусунун башка жолдорунда өткөрүлмөкчү. Муну менен катар Бишкек – Күн-Туу – Шопоков жолунун 0-3 чакырымдарында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.