Тарых жана маданият жылына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 16 миллион 39 миң сом суралды

Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын чыгымы үчүн 16 миллион 39 миң сом керек. Бул тууралуу аталган дирекциянын башчысы Султан Раев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каржы бөлүү боюнча өкмөттүн токтому даяр. "Быйыл Тарых жана маданият жылынын алкагында акын жана ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы өтөт",- деди Раев.

Депутаттар Мамлекеттик дирекциядан адегенде комитет мүчөлөрүн каржылык чыгымдардын сметасы менен тааныштырууну талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан