Бишкекке Кавказдан тогуз айлык Симба аттуу арстандын баласы алынып келинди. Бул тууралуу "Бугу эне" коомдук фонду кабарлайт.
Маалыматтарга караганда, арстандын баласы белек катары келген. Симба зоопаркта атасы менен чогуу жашаган, атасы аны келечектеги атаандашы катары көрүп, анын өмүрүнө коркунуч келтирген. Бул нерсени сүрөттөрдөн да байкоого болот. Азыр ал мал доктурлардын көзөмөлүнөн өтүп жатат, абалы жакшы. Бир айдан соң Караколдогу зоопаркка жеткирилет.
Арстандын баласын багуу үчүн бир күндө 5 килограмм уй эти, 2 килограмм карын керектелет. Караколдо кыш башка жактарга салыштырмалуу суук болгондуктан, кайдыгер эмес адамдар тарабынан Симбага деп атайын акча чогултулууда. Ал каражат Симба үчүн келерки кышка болгон камылгага жумшалат.