Ош облусунда дин кызматкерлерине маалымат каражаттары менен иштөөгө багытталган семинар болуп өттү

Ош облусунда дин кызматкерлерине маалымат каражаттары менен иштөөгө багытталган семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун өкүлү Медербек Абдыманапов, райондордун башкы имамдары, диний окуу жайлардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары жана маалыматка жооптуу адистер, жалпы 40ка чукул дин кызматкерлери катышты.

Семинарда маалымат жана пресс-релиз даярдоо, интервью берүү, интернет жана социалдык тармактарды колдонуу, макала жазуунун эрежелери жана кыска кабар даярдоо үйрөтүлдү. Катышуучуларга тайпалык жана практикалык тапшырмалар берилип, командалар үйрөнгөн тажрыйбаларын презентация түрүндө көрсөтүштү. Семинардын жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Айта кетсек, райондордун башкы имамдары жана диний окуу жайлардын жетекчилерине үйрөнгөн билимдерин райондордогу мечит имамдарына жана диний окуу жайлардын окутуучуларына үйрөтүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alhamdulillah
2016-03-14 14:52:16
Менин атамда барып окуп келди ,суротто турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан