Түркияда дрондорго каршы кыргыз жергесиндеги бүркүттөрдү колдонуу тууралуу ойлор айтылды. Акыркы күндөрү Түркияда болуп жаткан теракттардын санынын көбөйүшүнөн улам жана дрондор жардыруучу заттарды бардык жерге алып өтүүгө ыңгайлуу болгондуктан, аларга каршы иштерди жүргүзүү тууралуу сунуштар болуп жатат. Аэропорттордун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Сердар Гусейн Йылдырым дрондорго каршы кыргыз жериндеги бүркүттөрдү алып келүү тууралуу ойлонуп жатканын айткан. Бул тууралуу түркиялык CNN басылмасы 12-мартта жазып чыкты.
"Бүгүнкү күндө дрондорго каршы эң эффективдүү каражат - бүркүттөр. Бүркүттөрдү Амстердамдагы аэропортто колдонушат. "Бүркүттү Кыргыз Республикасынан бул жакка алып келип колдоно алабызбы?" деп ойлондук. Бул азырынча жөн гана ойлор",- дейт Сердар Гусейн Йылдырым.
Жетекчи айткандай, бул ыкма Нидерландыдагы полиция кызматкерлери тарабынан колдонулат. Бүркүттөр дронду асмандан кармап алганы менен, аларды коё беришпейт. Андыктан дрон жерге түшүп, адамдарга зыянын келтирбейт. Ошондой эле аларды дрондорго кол салууну үйрөтүүнүн кажети жок.