Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагында жайгашкан таштанды жайы мыйзам бузуулар менен иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, аталган жайда экологиялык нормалар бузулуп, айланасы курчоого алынган эмес.
"50 сотук жерди ээлеген таштанды жайын тез арада курчоого алып, күзөтчүлөрдү коюу керектигин инспекциянын адистери белгилешет. Себеби таштанды жайы учурда такыр кароосуз калып, экологияга, жарандарга терс таасирин тийгизүүдө. Инспекциянын Сүлүктү шаары боюнча аймактык башкармалыгынын адистери тиешелүү мекемелерге бир топ эскертүүлөрдү берип, айып пулдар салынганы менен, таштанды жайын иретке келтирүү колго алынбай жатат",- деп айтылат маалыматта.