20 жылдан бери дайынсыз болуп жүргөн кыргыз жараны Юлдашвай Базаровду Ооган согушунда жасалган татуировка аркылуу Орусиянын Новокузнецк шаарынан табышты. Бул тууралуу “Московский комсомолец” билдирет.
Маалым болгондой, Ооган согушунун ардагери жана учурда Новокузнецктин жашоочусу Андрей Мясоедов кызын көрүү үчүн 29-ооруканага келип, Базаровдун төшүндөгү жана ийининдеги татуировкаларды көрүп, алар Ооган согушунда жасалганын эстеген.
Ал Базаровдун кыргыз жергесинен экенин, бирок 2015-жылдын октябрь айында баш сөөгү жабыркап ооруканага түшкөнүн жана мындан улам эс тутумун жоготконун билип жардам берүүнү ойлоп, кыргыз жергесинде жашаган бир полктук досторуна кайрылган. Көп өтпөй Базаровдун жээни байланышка чыгып, таякеси 20 жылдан бери дайыны жок болуп жатканын билдирген. Учурда Юлдашвай Базаров өз мекенине кайтып келип, сүрөттөн апасы менен бир тууган агаларын тааныган. Тилекке каршы, алардын көзү өтүп кеткен.