Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев дүйнөлүк каатчылык боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, дүйнөдөгү геосаясий процесстер, мунайзатына баанын төмөндөшү өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүү ылдамдыгына таасир тийгизди. "Көпчүлүк өлкөлөрдө, алардын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык активдүүлүгүн басаңдатты. Айрыкча мунайдын арзандап кеткени мунай өндүргөн өлкөлөрдүн экономикасына катуу сокку болду. "Блумберг" агенттигинин эсептөөлөрү боюнча, акыркы эки жылдын ичинде жоготуулар төмөнкүчө болгон: Орусия жана Орто Азия - 218 миллиард доллар, Африка - 151 миллиард доллар, Латын Америкасы - 60 миллиард доллар жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү - 357 миллиард доллар",- деди Сариев.
Мындан тышкары ал мунай-газдын керектөөчүлөрү кризистик кырдаалдан пайда көргөн мамлекеттерди атады. "Европа +300 миллиард доллар, Кытай жана Индия +393 миллиард доллар. Кыргыз мамлекети да мунайды импорттоп, сатып алган өлкө катары баалардын төмөндөшүнөн белгилүү бир пайда көрдү. Мисалы, 2015-жылы Кыргыз Республикасында бензинге орточо баа 8-10 сомго, ал эми дизелге баа 6 сомго арзандады",- деп билдирди премьер-министр.