Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облусунун абоненттери февраль айында 600 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарпташты

Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облусунун абоненттери февраль айында 600,3 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, колдонуучулар өкмөт тарабынан каралган токтомго ылайык, ченемден 34,7 миллион киловатт-саат же 5,47 пайыз үнөмдөштү. 2015-жылдын февраль айында “Түндүк электр” ишканасы боюнча 627,8 миллион киловатт-саат электр энергиясы керектелген.

Бул жылдын февраль айында кыргыз жергесинин борбор калаасында 16,6 миллион киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлгөн. Мерчемделген 288,1 миллион киловатт-сааттан бишкектиктер 271,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 284,9 миллион киловатт-сааттан 279,1 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылган. Талас облусунда мерчемделген 62 миллион киловатт-сааттын 49,6 киловатт-сааты керектелген.

Ушуну менен каралган электр энергиясын үнөмдөө: борбор калаабызда 5, 76 пайызды, Чүй облусунда 2,01 пайызды, Талас облусунда 19, 94 пайызды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан