Байыркы жаныбардын сөөгүн изилдөө үчүн археологдордун тобу жакын арада Ысык-Көлгө чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев билдирди. Анын айтымында, иш сапарга 3-4 окумуштуу чыгат.
“Бүгүн биз Ысык-Көлдөн табылган байыркы жаныбардын сөөгү боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага археологдордун тобун жиберүүнү чечтик. Учурда алардын иш сапарына каралчу каражат маселеси чечилип жатат. Аталган топ качан чыгарын азырынча так айта албайбыз, бирок жакын арада десек болот”,- деди Акматалиев.