13-мартта Анкарада болгон жардыруудан кыргыз жарандары жабыр тартышкан жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.
"Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин билдиргени боюнча, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында кыргыз жарандары жок",- дейт Сүйөркулов.
Ал эми Анкарадагы кыргыз жарандары тынымсыз жардыруудан шаардагы коомдук жайларда жүрүү кооптуу болуп жатканын кабарлап, социалдык тармактарда зарыл иш жок болсо, сыртка чыкпоону сунушташууда. Ошондой эле кыргыз студенттеринин бири жардыруулар кайталанса, кыргыз жарандары өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушарын айтты.
Эске салсак, Анкарада автобустун аялдамасында көп адамдар чогулган маалда жарылуучу зат коюлган унаа жарылып, 34 адам каза болуп, 125 адам жабыр тарткан.
Жардырууну түндүк африкалык "Ислам Магрибидеги Аль-Каида" уюму моюнуна алганын "Корреспондент.нет" басылмасы жазып чыкты.