Бүгүн, 15-мартта саат 09:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын айырым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Тоголок Молдо” суу топтомундагы оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерге байланыштуу Манас кең көчөсү, Фрунзе жана Логвиненко көчөсү, ошондой эле темир жол линиясында таза суу убактылуу берилбейт.
"Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат",- деп белгиленет маалыматта.